​Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине акысыз ПЧР-анализ жүргүзөт

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күндөн баштап, Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штаб билдирди.

Ошондой эле, фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышат.

Пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалым болду.

25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду. 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты