Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты
- 5 лет мурун
Кыргызстанда 25-апрелге карата бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.
Аларды атап кетсек, Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 10, Чуй облусунда – 1 бейтап сакайды.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалым болду.
25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү