​Карантин аягына чыкканда кимдер биринчи кезекте иштей баштайт?

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев карантин аягына чыккан учурда биринчилерден болуп кайсы иштин түрлөрүнө уруксат берилерин айтты.

Анын айтымында, биринчи кезекте калктын күнүмдүк жумуштарды аркалап акча тапкан чөйрө – курулуш, унаа оңдоочу жайлар, дөңгөлөк желимдөө, такси кызматтары санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен (бир унаада 2ден ашык адам болбошу керек) иштерин баштайт.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты