​Үсөнбаев: “Мындан ары коронавирус жогорулайт деп айткандан алысмын”

Коронавирус жогору чегине, туу чокусуна 20-24-апрелде жетет деп айтылды эле. Ал туу чокусуна жеттиби?

Бул суроого саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берди. Жалпысынан айтканда жогору чегине жетти деп айтууга негиз бар, бирок коронавирустун жеткен чеги тууралуу маселени жуманын аягында карап көрөбүз деди.

—Эпидемиологиялык абал тыкыр көзөмөлдө болуп келди, бүгүнкү күнү 656 учур өз убагында табылып, тастыкталды. Байланышта болгондорду тыкыр көзөмөлгө алып отуруп, кеңири таркап кетүүгө жол берилген жок.

Ошол эле учурда эпидемиологиялык параметрлерди алып көрсөк, өтө бийиктеп кеткен учуру байкалган жок, анткени кандайдыр бир туу чокусуна чыга турган, жалпагыраак жагына кетти, туруктуу бийиктебей.

Божомолдо жогорку чеги 20-24 деп айтылган, кийинкисин эсепке алып көрүп жатабыз. Өкмөткө сунуш киргизебиз, мындан аркы сунуштарды иштеп чыгып, аракет кылып жатабыз.

Туу чокусу деп айтканда бир деңгээлде туруп калган стабилизацияны байкап келатабыз. Бир жумада стабилизация келет деп айтсак болот. Азыр туу чокуну сүрөттөп чыгарганга мүмкүнчүлүк жок, жуманын аягында карап көрөбүз.

Баамдоо процесси бар, жыйынтыктарын өтө тыкыр карашыбыз керек, куру прогноз өтө опурталдуу иш болот. Планды тактап чыгышыбыз керек.

Бирок республикалык штабда карап, кайрадан жумушту , күчөтүлгөн режимде, алгоритмди тактап, бекитип, текшерип, скриниг кыла турган, элди район-райондор менен бекитип, тактап, алдыдагы эпидемияга каршы иш-чараарды кайрадан карап, пландап жаткан учур.

Ушул күндөрдө күттүк эле, ушул күндөргө келдик, 25 тен чыгып жатат. Мындан ары бийиктейт деп айткандан алысмын, -деп белгиледию

Андан ары министрдин орун басары коронавирус туу чокусуна жетти деп божомолдоого негиз бар экенин кошумчалады.

-12-марттан, оору табылгандан бери улам лабораторияда изилдеп келдик. Ишибиз жакшы жыйынтыгын бере турган болсо ылдыйлагандын ичинде болушубуз керек.

Анткени байланышта болгондордун баарын, 8,5 миң кишинин баарын толук текшерип чыгып, үй шартында да карап жатабыз. Акыры, болгондорунун баарын таап чыгып, негизи, ылдыйлоого негиз бар. Ошого жараша иштеп жатабыз, -деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны көбөйүүсүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонгон болчу.

24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталды.

22-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты