​Коронавирус жуктурган прокурор реанимацияда дарыланууда

  • 4 года мурун

Коронавирус жуктурган прокурор реанимацияда дарыланууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

-Прокурор реанимацияда дарыланып жатат. Биздин врачтар аны айыктыра алат деп ишенем, -деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, бу күнгө карата COVID-19 диагнозу менен стационарда 326 киши жатат, алардын ичинен бешөө — реанимацияда.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

Кыргызстанда 22-апрелде укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты