Укук коргоо тармагынын 12 кызматкери коронавирус жуктурганы тастыкталды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы тастыкталды.

-Алардын ичинен бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кызмат учурунда илдет жуктурган.

Кыргызстанда 22-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталып, бардыгы 612 болду.

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирустан 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан айыккандардын саны 254кө жетти. Ошондой эле 7 киши каза тапты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 157 учур катталды.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты