​Дагы 10 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алды

  • 4 года мурун

24-апрелге карата бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Атап айтсак, төмөнкү саламаттык сактоо мекемелеринде катталды.

Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Бишкек шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 172 учур катталды.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.8 киши каза тапты.

24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты