COVID-19: Кыргызстанда 322 бейтап айыкты
- 4 года мурун
24-апрелге карата бир сутка ичинде коронавирустан 20 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Жалал-Абад облусу – 8, Ош шаарында – 8 киши айыкты.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү