38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты
- 4 года мурун
Кыргызстанда, 22-апрелге карата, 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан айыккандардын саны 254кө жетти.
Сакайып чыккандардын саны боюнча айта кетсек, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 25, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 3 киши.
Республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Кыргызстанда 22-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталып, коронавирус жугузгандардын бардыгы 612 болду.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү