Элмирбек Иманалиев эл сыймыгы, улуттук өнөрдүн залкарларынын бири катары эсибизде калат (Некролог)
- 4 года мурун
- Баяндар
Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Элмирбек Калилович Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн.
1994-1998-жылдар аралыгында республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында, андан соң Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма театрында иштеген.
2000-2004 жылдары билимин улантып, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган.
Элмирбек Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөчүлүк өнөрдүн туу башында келди.
Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. 2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында баш байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна ээ болгон.
Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Элмирбек Иманалиев Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында «Токтогул» драмасында — башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан.
Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» коомдук фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди.
Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.
Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт.
Жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз!
С. Жээнбеков, Д. Жумабеков, М. Абылгазиев, А. Исмаилова, Д. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К. Иманалиев, Н.Тотонов, А. Кодуранова, А. Жаманкулов, С. Раев, К. Базарбаев, Б. Жакиев, З. Үсөнбаев, Т. Казаков, Н. Мирзахмедов, Т. Жайылов, К. Садиев, Т. Козукеев, Р. Аманова, А. Болгонбаев, М. Самыйкожо, А. Нуралиев, А. Кутманалиев, Ж. Жумакадыр, А. Туткучев, Ш. Абдырахман, С. Бейшекеев, Ф. Бекмамбетов, А. Маратов.