Республикалык штаб: Калктын аялуу катмарын колдоого 122 млн сом бөлүнөт
- 5 лет мурун
Республикалык ыкчам штаб жыйынынын жүрүшүндө аз камсыздалган жарандарды колдоого алуу жана аларга даректүү көмөк көрсөтүү боюнча каражат бөлүнүп жаткандыгы айтылды.
— Жакын арада чыккан өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат,- деди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Мындан тышкары, учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине – 5 миллион сом, ал эми Россиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн.
21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 590го жетти.
Кыргызстанда жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 7 киши каза тапты.
Сүрөт: gov.kg