​“Өзгөлөр билбес кадырдын баркын. Өзүмдү кошо ала кет, досум”

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев көз жумду деген кабар кечээтен бери баарын ыйлатып жатат. Элмирбек буга чейин залкарларды жоктоо ырын, айрыкча Чыңгызды жоктоп, кандай ырдады эле!

Айтылуу төкмө Жеңишбек Жумакадыр Элмирбекти минтип жоктоду:

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум.
Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум…

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын.

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, комузчу, обончу, элибиздин булбул үндүү ырчысы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Элмирбек Иманалиевдин Чыңгыз Айтматовду жоктоо ыры бул жакта.

Сүрөттө: Элмирбек Иманалиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты