​Ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

  • 4 года мурун

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыздын бир алгыр кушу учту!

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, комузчу, обончу, элибиздин булбул үндүү ырчысы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жакын адамдарынын айтымында, Элмирбек Иманалиевдин көп жылдардан берки дарты козголуп, 20-апрелде көз жумду.

Бул суук кабар ар тараптуу талант ээси Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгын тамшанып угуп, барктап-баалаган ар бир адамдын жүрөгүн оорутуп жатат.

Айтыш өнөрү, ал ырдаган санаттар, айтылуу «Булбулум», «Аруузатым», «Коштошуу вальсы» … жүрөктөрдө жаңырып турат:

Элмирбек Иманалиев Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.

Бул оор күндөрдө жүрөгү канап турган үй-бүлөсүнө, жакындарына, анын талантын аздектеген замандаштарына, жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты