​Түркиядан учуп келген жарандар үй карантинине жиберилгендиги чын

Түркиядан учуп келген жарандар обсервация шартында анализ тапшырып, таза жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилген.

Маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бул маалыматты тастыктады.

— Түркиядан учуп келген 211 жаран “Ак кеме” мейманканасында обсервацияга алып келинип, обсервация шартында . лабораториялык тестирлөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгын алгандан кийин, мобилдик тиркеме жүкөп, шартынын баарын карап, үйүндө шарты болсо, атайын унаа чакырып келип, үйүнө жеткирилип, баары үй карантинине чыгарылды.

Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп, анкеталар толтурулду. Ошондой эле атайын мобилдик тиркеме колдонууда, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.

Анын айтымында, алардын арасында оорулуулар, бөйрөгү оорулуу, жүрөгүнө операция жасалгандары болгон, аларды өзүнчө ооруканага жаткырып тестирлөөдөн өткөрдүк, -деп билдирди.

Ал эми бул талаптарды бузуу болуп саналаары саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин жообунан маалым болот.

Министрин орун басары кайсы жарандар үй карантинине, кайсылары обсервацияга жайгаштырылат деген суроого жооп берип жатып, мындай деп айтты:

-Атайын иштеп чыгылган алгоритмге ылайык, контактта болгондорго же чет жактан кеггендерге атайын алгоритм каралган.

Алардын баары биринчи обсервацияга алынат. Ал жерден анализдери лабораторияга тастыктоого жиберилет. Жыйынтыктарын күтүп, катуу көзөмөл уюштурулуп жатат. Азыркы технологиялар да колдонулат.

Ошол обсервацияга келгендердин баарына мобилдик телефонуна кошумча тиркеме киргизилип берилет, анкета толтурулат.

Ал жерде мобилдик тиркеме менен лабораториялык жыйынтыктары келгенден кийин ошол жерде 14 күн медициналык көзөмөлдө болот. Мындан тышкары мобилдик тиркеме менен толугу менен көзөмөлдө туруп жатышат.

Эгерде оорулуулар менен контактта болсо, онтактылар 14 күндөн кийин терс жыйынтык чыккандан кийин үйүнө чыгарылып, 12-13 күн өткөндөн кийин кайрадан кайталап, лабораториялык тестирлөөдөн өткөргөндөн кийин жыйынтыгы терс болгондо дагы карантинге алынган менен, дагы 14 күн жалпы медициналык көзөмөлд улантабыз.

Ошентип, контактта болгон же тобокелчиликте турган адамдардын баары 28 күн медициналык көзөмөлдөн өткөрүлөт. — деди ал.

«Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейс менен кыргызстандцктар келген. Талап-шарт боюнча алар 14 күн обсервацияга алынмак. Бирок анын талаптары бузулган.

21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 590го жетти.

Кыргызстанда жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 7 киши каза тапты.

Сүрөт: Республикалык штаб,

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты