Бишкектин коменданты велосипед теппей турууга чакырды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда көчөгө велосипед тээп чыккандар көп болуп жатканын белгиледи.

-Шаарда велосипед тебүүдөн карманууга чакырам. Өзгөч абал режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыксаӊыздар, велосипед убактылуу алынат,- деди ал.

Комендант ошондой эле жакшы аба ырайына карабастан, ата-энелерден балдары менен сейилдебей турууну өтүндү.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Кыргызстанда 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталып, бардыгы 568ге жетти.

Фото АКИ пресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты