Россияда баласын аёосуз сабаган кыргызстандык өкүнгөнүн билдирди

Россияда баласын аёосуз сабаганы боюнча социалдык тармактарда тараган видеотасмадагы кыргызстандыктын тууганымын деп өзүн тааныштырган жаран атасы эмне себептен баласын сабаганын сурамжылаган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаары боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгына баласына зомбулук көрсөткөн кыргыз жаранына мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кат жөнөткөндүгү жана Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүндө бул факт катталганын билдирди.

Териштирүү жүрүп жатканы кабарланды. ИИМдин маалыматына ылайык, балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгон.

Россияда баласын сабаган кыргызстандыктын тууганымын деп өзүн тааныштырган жаран үй-бүлө бактылуу эле жашап жатканын айтты.

Ал видеотасманы “Спутник” агенттиги жарыялаган.

Баланын апасы “Баарыңыздардан кечирим сурайбыз, кантсе да атасы экен, эч качан баласын жаман бол дебейт. Бала экен да, кайсарланып “жасабайм, жасабайм” дегенинен жасайсың деп…

Карантинде баарыбыз үйдөбүз, балам уйкусурап жасабай, атасы жакшы эле ойдо… уйкудан туруп… кайсарланып калган экен…” деп апасы айтып жатат.

Атасы баласын урган себебин айтты:

-Балам экөөбүз түшүнбөстүк болуп, видео тартылып, тарап кеткенине өзүбүз өкүнүп отурабыз. Биз үй-бүлөдө бактылуу элебиз. Жаман эч нерсе болгон жок. Андай түшүнбөстүккө алдырбаңыздар. Ким эле баласын урбайт? Ким эле баласын жаман болсун дейт. Бардыгы эле… ата-баланы жакшы көрөт да. Мен да баламды жакшы көрөм, өзүмдүн балам. Бирөөнүн баласын урган жокмун.
Эчтеке болгон жок. Балам экөөбүз кечээ кичине “отжимание” жаса деп, бул да болбой, көктүгүнө алып, же уйкусураганбы, же жасагысы келбейби, ошондон… Ар ким ар нерсени айтып, баласын жек көрөбү дегендер бар. Ким эле баласын жаман көрсүн. Ар бир ата-эне баласын жакшы болсун дейт да, жаман болсун демек беле.

Атасы баласына “кечээ саал катуураак тийип койдум” деп кечирим сурап жатат.

Үй-бүлөнүн тууганымын деген жаран “Эл-журт кыжалат болбоңуздар. Баары жакшы, үч баласы бар, бактылуу эле. Ачуу-таттууга бышып эле жашап келе жатат, -деди.

Россия ИИМи ал кишинин аты-жөнүн тактаган, 1985-жылы туулган Ж.Э., Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан 2019-жылы үй-бүлөсү менен Россияга көчүп барган.

Атасы 9-10 жашар баласын аёосуз сабап, тээп, темир союл менен уруп жаткан видеосу социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.

Ал эми баланын атасынын жообунан балага мындай аёосуз мамиле болбош керектигин дагы эле түшүнбөгөнү байкалып турат. Тасма Москва шаарында тартылганы аныкталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты