Боронов: «Медицина кызматкерлеринин даттануусу — жетекчилердин жетишсиз ишинин күбөсү»

  • 4 года мурун

Медицина кызматкерлери көтөргөн маселелер жана даттануулар дыкат изилденип, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилүүдө.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин жетекчилеринин жетишсиз ишинин күбөсү экендигин белгиледи.

Анын айтымында, жакын арада COVID-19 каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлери үчүн уюлдук тиркеме иштей баштайт. Тиркеме аркылуу алар өздөрүнүн суроолорун берип, республикалык штабга иштеги кыйынчылыктар, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары жана башка керектөөлөр менен камсыздоо маселелери тууралуу билдире алышат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алуу боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келишет. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет.

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 506га жетти.

18-апрелде, бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты