Беш үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору кызматкерлерди ПЦР-текшерүүнү суранууда

  • 4 года мурун

Бишкек шаарындагы №2, №9, №10, №12 жана №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору саламаттык сактоо министрлигинен медициналык кызматкерлерди ПЦР-текшерүүдөн өткөрүүнү суранды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Елена Баялинова билдирди.

Себеби алар COVID-19 вирусун жугузгандар жана жугузгандар менен байланышта болгондор менен иш алып барышууда.

Алар аталган үй-бүлөлүк борборлорунун медицина кызматкерлери вирусту жакындарына жугузуп алуудан да коркуп жаткандыгын кошумчалашты. Аталган медицина борборлорунда дезинфекциялоо өткөрүүнү өтүнүштү.

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы 17-апрелде №17 үй-бүлөлүк медицина борборуна төрт кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу ал борбор дезинфекциялоого жабылганын кабарлады.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты