​​ТИМ: Дубайда калган кыргыз жарандары 26-апрелде алып келинет

  • 4 года мурун

26-апрелде “Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселеси каралып жатат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул рейсти КР ТИМи Бириккен Араб Эмираттарынын авиациялык жетекчилиги менен бирге маселе чечүүдө.

Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 5-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашууга жетишилгенин ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

17-апрелге карата дүйнөдө 2 158 033 киши коронавирус жуктурду. Бириккен Араб Эмираттарында 5825 киши коронавируска чалдыкты.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты