Ишкерлер беткап жана медициналык эмес респиратор экспорттой алышат

  • 4 года мурун

Өкмөттүн дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 токтомуна ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге беткап жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул өзгөртүүлөр 2020-жылдын 14-апрелиндеги видеоконференция режиминде өткөн COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндөгү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү жасашып, анда товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү продукциялардын, тамак-аш азыктар, медициналык жабдуулар жана дары-дармек, медициналык жеке коргонуу каражаттардын эркин кыймылы принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленген.

Буга байланыштуу, өкмөт коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге экспорттоого тыюу салууну алып салуу жөнүндө чечими кабыл алынга

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты