​Исхак Масалиев: “Тез арада Жогорку Кеңеш координацияны өз мойнуна алышы керек”

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-апрелдеги жыйынында сөз сүйлөп, Конституциянын парламенттик башкаруу ченемдери бузулуп жатканын сындады жана парламент төрагасынын, премьер-министр жана Президенттин атайын эсептерин которуп бериши керектигин, депутаттардын айлыгы гана калып, калган каражат кыскартылышын жана медицина кызматкерлеринин баарына кошумча каражат төлөп берүү керектигин билдирди.

Масалиевдин парламент жыйынындагы сөзү:

— Биз бүгүн Президенттин жарлыгын бекитип бердик, айрым аймактарда өзгөчө абал режимин узартуу жана жаңыларын киргизүү боюнча. Биз колубуздан келген жардамды берип жатабыз, депутаттар бир айлыгыбызды которуп бердик. Депутаттар колунан келген жардамды жер-жерлерге берип жатат, бул абдан жакшы иш.

Бирок бул негизги проблеманы чечпейт. Мен бир-эки пикир-оюмду сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым.

Штаб жетекчиси Жогорку Кеңеш төрагасынын алдында маалымат бериши керек

-Биринчиден, Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында парламенттик башкаруу деп эсептелет. Ошол себептен тез аранын ичинде Жогорку Кеңеш координацияны өз мойнуна алышы керек. Штабдын жетекчиси, премьер-министр Президент менен эмес, башка чет өлкөлүк мамлекеттер алдында отчет бербей, биринчи кезекте Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында күнүгө маалымат бериши керек. Биз керек болсо, бардык кадамдарды жасашыбыз керек. Ошондо биз чыныгы парламенттик республика болобуз.

Эгер ага барбасак, анда биздин төрагабыз өзүнүн милдетин так аткарды деп эсептебейбиз. Мен сиздерге аны отставкага кетирели деп сунуш кылбайм. Эгер туура тапса, өзү бошотуп бермек.

Өзүбүз өзгөчө кырдаал режимин бузуп жатабыз

Биз өзгөчө кырдаал режимин, өзүбүз биринчи кезекте бузуп жатабыз, миң киши ушул имаратта топтолуп туруп. Ошол эле мезгилде көчөдө кетип бараткан эки кишини милиция кубалап, үйүнө бар деп айтып жатат. Миң киши шаардын төрт бурчунан келип жатабыз. Биз өз ишмердүүлүгүбүздү, тартипти бир аз өзгөртүп койсок болот эле, комитет жана фракция режимине өтүп. Керектүү маселе болсо, керектүү адистерди чакырып, даярдап, чечип беришибиз керек. Ошондо биз үлгү болобуз, Жогорку Кеңеш иштеш керек.

Жогорку Кеңеш төрагасы, премьер-министр жана Президент атайын эсептерин которуп бериши керек

-Экинчиден, бизде атайын эсеп бар, Жогорку Кеңеш төрагасы, премьер-министр жана Президентте, 30 млн сомдон. Менин сунушум — ушул акчаны, ушул замат, азыр, атайын эсепке которуп беришибиз керек. Эч кимде, эч кандай атайын эсеп болбошу керек.

Адамдар миң сомдон топтоп жатса, биз 30 миллиондон сомду өзүбүз бөлмөк белек. Үч жогору жетекчи кызмат ээлегендер 30 млн сомдон которуп бериши керек ошол эсепке.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын айлыгын гана калтырышыбыз керек

-Үчүнчүдөн, өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө, Жогорку Кеңеш депутаттарына бир гана айлыгын калтырышыбыз керек. Транспорттук жана өкүлчүлүк чыгымдардан толугу менен баш тартып, атайын эсепке жиберишибиз керек. Ошондо туура болот эле.

Командировка, бир жакка чыгууну баарыбыз өзгөчө абал бүтмөйүнчө токтотобуз. Ошол үнүмдөлгөн акчаны биз атайын эсепке которуп беришибиз керек. Ошондо бизден сезилерлик жардам болот деп эсептейбиз.

Өкмөткө менин пикирим, сиздердин чечимдериңер так болушу керек. Бүгүнкү күнгө чейин медиктерге айлык көтөрүлөт, кошулат деп канча гана сөз болгон, 45 миң сомго чейин. Биз бүгүнкү күнгө чейин бир да медикке кошумча акча берген жокпуз, бере албай, эсептей албай жатабыз.

Бардык врачтардын айлыгына акча кошулуш керек

-Кимге бериш керек, канча бериш керек, ал оорулуу менен жолукканбы, жолуккан эмеспи. Керек болсо ФАПта иштеп жаткандар күнүгө жарандар менен жолугушуп жатышат да, кимиси оору, кимиси соо, эч ким билбейт. Ооруганда эле билип калабыз. Же өлгөндөн кийин жөлөкпул беребиз деп. Андай болбош керек. Баарына кошулуш керек. Ал эми инфекциялык бөлүмдөрдө иштегендерге өзгөчө кошумча болуш керек. Болгондо да мен сиздерге сунуш берет элем, алдын ала жарыялабай, биринчи төлөп, анан айткыла! Бүт Кыргызстандагы врачтар күтүп жатат, баарыбызга кошот экен деп. Эртең кошпогондон кийин тескери натыйжасы чыгат.

Өкмөт түшүнүктүү программаларды чыгарсын

-Жолдош Асрандиев Президентке айтып берди, ишкерлерге биз экинчи фаза колдоо иштеп чыгып жатабыз деп. Биринчи фазасы эмне болгон, эмне, кредиттен, салыктан бошотконсуңарбы? Андай фаза дебей эле, так, элге түшүнүктүү программаларды жарыкка чыгаргыла. Силер, Жогорку Кеңешке маалымат бергенге милдеттүүсүңөр. Бизге так программаны бергиле. Биз, өкмөт, так ушул кадамды жасайбыз, ишкерлерге ушундан бошотобуз, момундай шарт кылып беребиз деген мүмкүнчүлүк бериш керек деп айтышыңар керек. Анан премьер-министр бирди айтат, экинчиңер башканы айтасыңар.

Бүгүнкү шартка байланыштуу, башкы санитардык врач, министрдин орун басары деген штат болушу керек, өзгөчө мүмкүнчүлүгү бар болушу керек.

Айрыкча шаардыктар боюнча баарыбыз айтып жатабыз, шаарда бир миллион калкыбыз болсо, 300 миң үй-бүлө деп эсептешибиз керек. Күнүгө 100-200 сом иштеп тапкандар тыйынсыз калды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты