​Министр Абдикаримов: “Болгону 22 эле врач-вирусолог бар”

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Жогорку Кеңеш жыйынында суроолорго жооп берип жатып, тармактагы көйгөйлөрдү белгиледи:

-Жугуштуу оору бөлүмдөрү начар абалда, каралган эмес айрыкча инфекциялык бөлүмдөр каралган эмес. Рентгендер жетишпейт, ремонттоп, ИВЛ, көчмө рентген аппарат алып берели деп жатабыз.

Атайын кийим-кеченин үч стандарт кылганбыз, биринчи постто тургандар, экинчи дарттын очогуна барган эпидбригада болот жана үчүнчү жугуштуу оорулар менен врачтарга алгоритм менен стандарт иштеп чыкканбыз. Алар ар бир сменде алмаштырып турушу керек. Аларга жетиштүү, — деди министр.

-Эпидемиологдор жетишсиз, жаштар келбей жатат, айлыктын аздыгына жараша. Негизинен пенсияга кеткендер же пенсия курагындагылар иштеп жатат. Болгону лаборанттарын кошкондо 22 эле вирусолог бар. 9 эле лаборатория бар, анда 13 аппарат бар.

Айыл чарба министрлигинен тартып жатабыз, жардамчысы менен мугалимдерди, 6-курстун студенттерин тарттык

Коронавирус чыкканы иш көлөмү абдан көп болуп жатат. Алар үч сменде иштеп жатат, -деди саламаттык сактоо министри Абдикаримов.

Ошондой эле Кыргызстанда 106 эпидемиолог, 31 инфекционист, 159 лаборант жана 22 вирусолог-врач бар. Республикадагы бардык вирусологдор чакырылды.

Түштүк аймакка кафедрадан врачтарды, инфекционисттерди жиберип жатабыз. Аскерге милдеттүү 300 медицина кызматкерин эки айга жумушка тартып жатабыз деп билдирди министр.

Коронавирус жуккан 98 медицина кызматкеринин арасында 27 врач, калгандары орто жана техникалык жактан тейлеген кызматкерлер.

15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

Коронавирус жугузган медицина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты