Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант беришти
- 6 лет мурун
Бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министрлик кызматка жаңы дайындалган Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министрлигине жаңы дайындалган Сабиржан Абдикаримов ант берди.
Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Белгилей кетсек, аталган вице-премьер-министрлик кызматты иштегенАлтынай Өмүрбекова аркаласа, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматынан бошотулган.
Муну бөлүшүү




