​Кыргызстанда коронавирустан сакайгандардын саны 71 ге жетти

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып чыкты.

Бейтаптар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды. Алардын акыркы анализдери таза чыкты. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында айтты.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты