Кубатбек Боронов дарыгерлерден кечирим сурады

13-апрелдеги маалымат жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов дарыгерлерден расмий түрдө кечирим сурады.

Кубатбек Боронов дарыгерлерге дарт жуккан фактылар боюнча адистерден турган атайын комиссия, жумушчу топтор иштеп жатканын билдирди. Андан сырткары чет мамлекеттердеги адистерге да кайрылганын билдирди.

-Айтып койчу нерсе, мурунку брифингде медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча маселе бар болчу, андан бери социалдык тармакта, кээ бир саясатчылардын көңүлүн бурган нерсе болду. Бул жердеги маалыматты кайсы бир медицина кызматкерлери өзүнө алганы көрүнүп турат, кимдир-бирөөнүн аты-жөнүн, купуя сырын атоо боюнча маселе болгон эмес.

Негиги максат- коронавируска каршы күрөшүп жаткан, ушуга окшогон маселенин алдын -алуу же чалдыкпай, иштерин так аткарып жүрүшсө деген максат болгон.

Мен жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Ошол маалымат аброюңарга шек келтирүү эмес, жардам берүү ниетинде айтылган сөз болгон. Эгер туура эмес түшүнүп калсаңыздар, кечирим сурайм.

Медицина кызматкепрлерине шарттар каралган, ооруга чалдыкса, мамлекет тарабынан жардам берүү боюнча чечимдер бар, -деди биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов.

8-апрелде кубатбек Боронов айрым медицина кызматкерлери ооруну жумушчу орлунан эмес, сырттан жугузганын айткан:

«Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди». деп айткан.

Буга чейин Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлери вице-премьер министр Кубатбек Бороновго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Кыргыз Республикасынын башкы инфекционисти Гулжигит Аалиевге алар боюнча туура эмес маалымат берилип, абройлоруна шек келтирилип жатканын айтып, кайрылуу жолдогон.

Өткөн сутка ичинде, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 болгон.

Кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты