Министрлик: “Медицина кызматкерлерин кечирим суратып жаткандары туура эмес”

Жакында коронавирус дартын жугузгандар менен иштеген медиктердин коргонуу каражаттарын сындап чыккан дарыгер тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берди.

-Саламаттык сактоо министрлиги жагынан кооптонуу бар. Анткени биз координаторлор, жетекчилер менен тыгыз жумуш алып барып жатабыз. Иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге андай үстүртөдөн кысым көрсөтпөө аракетин жүргүзгүлө деп айтып жатабыз. Анткени ал жерде ар бир медицина кызматкери кандайдыр бир көйгөйдү айтышы мүмкүн.

Эртеңки күнү келип, телевидениеге же жанагындай соцтармактарга чыгарып, кечирим суратып жатканы туура эместикке барат.

Муну менен тиешелүү иш жүргүзүп иш алып барып жатабыз, -деди министрдин орун басары.

Коронавирус күч алып жаткан медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы тууралуу айтылып жатат.

Үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» ага жетекчилик тарабынан берилген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тарады.

Андан соң соцтармактарда «Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду.

Нурбек Насыранбековдун карикатурасы.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, жалпы саны 419 болду.

Өткөн сутка ичинде, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган.

Алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.

COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты