“Кыргыз темир жолуна” жаңы жетекчи дайындалды

  • 4 года мурун

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында жетекчи алмашты. Мурда башкы директор болуп иштеп келген Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулду. Анын ордуна Василий Дашков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-апрелде кол койгон.

Дашков буга чейин аталган мамлекеттик ишканада башкы директордун орун басары болуп иштеп келген.

Сүрөттө: Василий Дашков. Кыргыз темир жолунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты