Кыргызстанда коронавирустан бардыгы болуп 54 бейтап айыкты
- 5 лет мурун
Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды. Анын ичинен Ош облусунан — 5, Жалал-Абад шаарынан – 5.
Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.
Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам,
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Жалпысынан стационарда жаткан жана COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны — 318ди түзөт.
Алардын 11и оор абалда, алардын ичинен, алтоо-реанимацияда.
.12-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 377 ге жетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү