“Эркин Европа/Азаттык радиосу” кыргыз бийлигин Кимсановдун Али Токтакунов тууралуу айткандарын иликтөөгө чакырды

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” Кыргызстандын бийлигин мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун 10-апрелде жарыяланган видеодо «Азаттыктын» кызматкери Али Токтакунов тууралуу айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосу өз журналисттерине жасалган кандай гана болбосун коркунучка олуттуу карайт. Биздин иликтөөгө жооп катары жасалган Раимбек Матраимов жана анын өнөктөштөрүнүн жалган жалааларын жана коркутууларын сындайбыз. Мен Кыргызстандын бийлигин бул маселеге олуттуу карап, бардык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырам», -деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 11-апрелде.

Учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун видеосун анын жубайы Мария Заворотняя социалдык тармакка жайгаштырган. Видео тасмада Кимсанов мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсесинин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй дарегин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергенин айтып, телефонундагы скриншотторду көрсөткөн.

Раимбек Матраимов өзү видео тууралуу үн ката элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Кимсановдун айткандарын четке какканын «Азаттык» жазды.

Буга чейин журналист Али Токтакунов «Фейсбук» баракчасына мындай өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч болуп жатканын жазган:

«Ушул мүнөттөрдөн тарта мен эле эмес, үй-бүлөмдүн, Кыргызстандагы жакын туугандарымдын, кесиптештеримдин өмүрүнө коркунуч күчөдү деп айтууга негиз жаралды. Мындай пикирди былтыр 10-ноябрда журналисттик иликтөөнүн каарманы Айеркен Саймаити Стамбулда атып өлтүрүлгөндө да жазгамын.

Баса белгилеп айтып коеюн, ким болбосун мындай жол менен мени коркута албайт. Биздин иликтөөбүз же башка макала-маектерибиз журналистиканын иш-милдеттерине төп келет, кимдир бирөөнү курулай каралоодон алыс. Биз ал жолдон кайтпайбыз!» деди Али Токтакунов

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Сүрөттө: журналист Али Токтакунов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты