​Кытай ишкери Джек Манын фирмалары Кыргызстанга гумжардам берди

  • 4 года мурун

Кытай миллиардери Жек Манын «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы туруу республикалык штабы билдирди.

10-апрелинде эл аралык «Манас» аэропорту Кытайдан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышты.

Гуманитардык жардам «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюм, беткап, термометр өңдүү каражаттар тибинде келди.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде»Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору аркылуу жүргүзүлдү.

Джек Ма- белгилүү кытай ишкери, Alibaba Group компаниясынын директорлор кеңешинин негихдүүчүсү жана төрагасы.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты