Медицина кызматкерлери коронавируска чалдыгууда
- 4 года мурун
10-апрелдеги маалымат боюнча, коронавируска 5 медициналык кызматкер чалдыкты. Жалпысынан жаңы вирус жугузган дарыгерлердин саны 39 га жетти.
Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымат жыйында кабарлады.
Алардын ичинен:
Ош облусунда – 21;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Бишкекте – 8;
Чүй – 1;
Баткен облусунда – 1.
10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталып. жалпы саны 298 ге жетти Бүгүнкү катталгандардын арасынан бешөө-медицина кызматкери.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү