​“Медиа топтоо — 2020” форуму быйыл онлайн өтөт

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясынан улам быйылкы жылдагы “Медиа топтоо — 2020” индустриалдык форуму биринчи жолу онлайн түрүндө өтөт.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Интерньюс Кыргызстан өкүлчүлүгү билдирди.

«Коронавирус пандемиясы жалпы адамзатка чакырык таштады. Кыргызстан сыяктуу эле көптөгөн өлкөлөрдө жарнама рыногу жабыркоодо, айрым редакциялар ишин токтотууга аргасыз болушту же кыскарышты. Ошол эле учурда биз медиа аудиториясы көбөйүп жатканын, сапаттуу жаңылыктарга жана агартуучу контентке муктаждык көбөйгөнүн көрүп турабыз», деп айтылат «Internews» уюму тараткан билдирүүдө.

Аталган форум Zoom платформасында 25-29-апрелде 15:00 дөн 18:00гө чейин өтөт.

Үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан “Медиа топтоо- 2020” иш-чарасы медиа каражаттарынын COVID-19 пандемия учурундагы ишине арналары күтүлүүдө.

Форумга онлайн-каттоо 20-апрелден тартып жүргүзүлөт. Иш-чарага Кыргызстандагы медиа коомчулук өкүлдөрү катыша алышат. Каттоого алынгандарга атайын код байланган шилтеме жиберилет.

Форум 25-апрелден 29-апрелге чейин саат 15:00-18:00 аралыгында өтөт, сессия тартиби жана программалар тууралуу маалымат www.internews.kg сайтына жарыяланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты