​Апрель революциясынын баатырлары эскерилди (Фоторепортаж)

Бүгүн, 7-апрелде, элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырлар эскерилди.


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду.

Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты.

Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.

Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Президент Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара — Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Коронавирус дүйнөнүн 183 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Буга байланыштуу Апрель революциясынын 10 жылдыгы кеңири белгиленбей калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты