​“Коронавирус Кытайдын биокуралы, андыктан Пекин менен Шанхайга жеткен жок” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда COVID-19 вирусу Кытайдын борбору болгон Пекинге жана Шанхайга жетпегенин, бул Кытайдын биокуралы экенинин далили деп айтылган маалымат тарап жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Ал маалыматта “Ухань шаарында пайда болуп учурда дүйнөнүн бардык бурчуна жеткен коронавирус Кытайдын борбору болгон Пекинге жана экономикалык борбору болгон Шанхайга жеткен эмес: Шанхай Ухандан алыс эмес жайгашкан. Эмне үчүн?”, деп айтылат маалыматта.

Бирок, расмий булактардын негизинде жасалган онлайн картадагы маалымат боюнча, 5-апрелге карата Пекинде 586 кишиден илдет аныкталып, 8 киши каза болгонун көрсө болот. Ал эми Шанхайда 531 учур катталып, 6 киши каза болгон.

Демек, илдет Пекинге жана Шанхайга жеткен эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ошондой эле Фейсбуктагы маалыматта аталган аймактарда эч кандай чектөөлөр болбону айтылат. Бирок, Кытай баардык аймактарда чектөөлөрдү киргизип, карантин жарыялаган. Ошондой эле азыр вирустун жаңы толкунуна жол бербөө үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизип, массалык иш-чараларга тыюу салып, чет өлкөлүк дипломаттарга Пекинге келбей турууну сунуштады. Азыр коронавирустун жайылышын көзөмөлгө алгандан кийин, кыйынчылыктар менен болсо дагы мурдагы жашоого кайтып келүүгө аракет кылып жатат.

“Кээ бир адамдар өлтүрүлгөндөн кийин, Кытай вирусту көзөмөлдөп жатат, балким, дүйнө жүзү менен бөлүшпөгөн дарысы бардыр!” деп айтылат маалыматта.

Бирок, 4-апрелде Кытайдын өкмөтү бардык клиникалык изилдөөлөр катоого алынарын билдирди. Илим жана технологиялар министрлиги учурда жүргүзүлүп жаткан клиникалык изилдөөлөр үч күндүн ичинде каттоого алынышы керектиги маалымдалган. Мындай кадам COVID-19 вирусун дарылоо үчүн дарыны изилдөө ишин стандартташтырууга багытталган.

Жыйынтык: “Пекин менен Шанхайда коронавирус жок” деген маалымат калп.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты