Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен президенттик администрация куттуктады
- 5 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы тасмасы «Кара-кызыл- сары» Шанхай эл аралык кинофестивалында жеңишке жетишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубатты кабыл алды.
Бул тууралуу МинКаб сайтында кабарланды.
Эдиль Байсалов өлкө жетекчилигинин атынан Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктады.
«Кыргызфильм» киностудиясында жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылган «Кара- кызыл -сары» тасмасы 27-Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты толук метраждуу тасма” номинациясында башкы сыйлыкка — “Алтын Гоблет” (Golden Goblet Award) ээ болду. Тасма Баткен облусунун келечекке үмүт арткан келининин тагдырын поэтикалык жана терең формада баяндайт. Анда сүйүү, жоопкерчилик, миграция жана чек арадагы жашоо сыяктуу маанилүү темалар козголот.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов менен Актан Арым Кубат өлкөдө кинематография тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.





