Кыргызстанда коронавирустан 10 киши айыкты, төртөө каза тапты

  • 4 года мурун

6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 киши айыкты. Ошондой эле бүгүн 23 кишини чыгаруу пландалып жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 киши көз жумду. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 киши каза тапты.

Кыргызстанда 6-апрелде коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Бардыгы 216 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты