​Отунбаева коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерге 1 млн сом которот

  • 4 года мурун

Экс-президент Роза Отунбаева өзүнүн пенсия топтомунан 1 миллион сомду коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине которуп бермей болду.

Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева билдирди.

«Экс-президент башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан. Бирок авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, каражатты дарыгерлерди колдоого которуп жатат» деди.

Кендирбаеванын айтымында, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунда иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп жатышат.

Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавируска чалдыккан 5 жаӊы учур катталып, жалпы саны 116 га жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты