​Коронавируска чалдыккан жаңы 5 учур катталды. Бардыгы 116 болду (Инфографика)

Кыргызстанда 2-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 116 га жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя шаары) – 2.

Анын айтымында, жаӊы тастыкталган учурдун экөө сырттан келген жарандар,үчөө ооругандар менен байланышта болгондор.

Беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, 2 Ошто, бирөө Жалал-Абадда.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:

• Жалал-Абад облусунда – 54;

• Ош облусунда – 30;

• Чүй облусунда – 5;

• Баткен облусунда – 3;

• Ош шаары – 10;

• Бишкек шаары – 8;

• Нарын облусунда – 4;

• Ысык-Көл облусунда – 2.

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 киши COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 киши айыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты