Эртең Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот
- 4 года мурун
Эртең, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Азырынча жыйында кандай маселе каралары ачыкталган жок.
Бүгүн, 31-мартта, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында салык кодексине киргизилчү бир катар өзгөртүүлөр каралды.
Атап айтсак, Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө, Инновациялык иш жөнүндө, лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө мыйзамдарга киргизилчү өзгөртүүлөр жана «Валюталык инфляцияга жана COVID-19дун жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кенеш токтомунун долбоору каралды.
Депутаттар 24-марттагы кезексиз жыйында Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгын колдогон токтом кабыл алышкан.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин 19-марттагы токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, депутаттар 15-апрелге чейин өлкө аймактарында жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышкан.
Сүрөт: kenesh.kg