​Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 учур катталды. Бардыгы 84 болду

  • 4 года мурун

29-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бардыгы 84 болду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Өлкөдө коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84ге чейин өстү.

Бүгүнкү күндө коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур:

  • Жалал-Абад шаарында – 13 учур;
  • Ош облусунда – 6;
  • Бишкек шаарында -4;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Бишкек шаарында -4;
  • Нарын шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 6 учур.

Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Дүйнөдө 29-мартта (саат 10:45 жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 664 695 учур катталды. Каза тапкандардын саны 30 847 ге жетти. Айыккандардын саны 140 156 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты