Он миң тонна ун таратылат

  • 4 года мурун

Калктын аялуу катмарына таратуу үчүн мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башчылары менен бирге кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатат. Алар ун менен камсыздалышат.

Муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат.

Бул тууралуу өкмөттүн маадымат кызматы билдирди.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты