Кыргызстанда 8 миңден ашуун киши медициналык өзгөчө көзөмөлдө
- 5 лет мурун
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында өлкөдөгү эпидемиялык абалга токтолуп, буларды айтты:
-Коронавирус жуктургандардан реанимация бөлүмүндө эки киши жатат. Абалы өтө оор эмес, туруктуу. Бүгүнкү күнгө 11 134 тест өткөрүлгөн. Ошонун ичинен 58 кишиден коронавирус табылган. Обсервацияда 4 886 киши бар, күндөн-күнгө алардын саны кыскарып келе жатат.
Андан тышкары үй карантининде, обочолонуу абалында 3338 киши жайгашкан. Жалпысынан 8224 киши медициналык өзгөчө көзөмөлдө,- деди Мамбетов.
28-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.
27- мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бардыгы 58 болду.
25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.