Кыргызстанда коронавирустун дагы 14 учуру катталды. Баары 58 болду
- 4 года мурун
27- мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бардыгы 58 болду.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 27 учур;
Ош облусунда – 26;
Бишкек шаарында – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган).
Баткен облусунда – 1.
Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Муну бөлүшүү