Коронавирус менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлдү
- 5 лет мурун
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) аткаруу кеңеши коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга 120, 9 млн доллар бөлдү.
Бул тууралуу ЭВФ сайтында билдирилди.
Бөлүнгөн сумманын 80,6 миллион доллары тез финансылоо инструменти боюнча (RFI) жана $40,3 миллион доллары тез кредиттөө боюнча бөлүндү.
Пандемия башталгандан бери ЭВФ биринчи болуп берген өлкө Кыргызстан болду.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 44 учур катталды.
27-мартта дагы 14 учур катталып, 58 учур болду.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Муну бөлүшүү