Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 22 миңден ашты
- 5 лет мурун
Дүйнөдө 26-мартта (саат 21:10) коронавируска чалдыккан 491 623 учур катталды. Каза тапкандардын саны 22 169 га жетти. Айыккандардын саны 118 245 болду.
Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.
Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 22 169 га жетти.
Каза тапкандардын саны боюнча Италия алдыга чыкты, каза тапкандар 7503 болду. Андан кийин Испания — 4089, Кытайда- 3169.
Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-60 811 учур, андан кийин Иран -9625, Италияда – 9362 учур.
Оорулуулар көбү Кытайда — 81 782, Италияда -74 386, АКШда — 69 210, Испанияда — 56 188, Германияда — 40 421, Иранда — 29 406 ж.б. катталган.
Ошондой эле Россияда – 840, Казакстанда –109, Өзбекстанда – 65, Кыргызстанда – 44 учур аныкталды.
Коронавирус дүйнөнөн 175 өлкөсүн каптады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.
Cүрөт: Интернет булактарынан.