Тейлөө тармагындагы эрежелер

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында тейлөө тармагындагы эрежелер тууралуу айта кетти.

“Товар өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир кишиге 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет” деди ал.

Соода борборлордо — улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек, дүкөнчүлөр колкап, беткап кийип соода жасашы керек.

Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек, — деди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы.

26-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты