Өзбекстан коронавирус аныктай турган тест-система иштеп чыкты
- 5 лет мурун
Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест—системасын иштеп чыгышты.
Бул тууралуу Өзбекстан саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен.
Министрликтин маалыматында бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.
Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.
«Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты» деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.
26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.
Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.
Сүрөт: AFP