Чабармандар улгайгандарга инсулин жеткирет

  • 4 года мурун

«Кыргыз почтасынын» чабармандары Бишкек шаарындагы 60 жаштан жогору курактагы жалгыз бой, бейтап, майыптарга инсулин жеткирет.

Шаардык эндокринология борборунун дарыгерлери байланышты чектөө максатында, 60 жаштан жогорку курактагы жалгыз бойлорго, бейтаптарга жана майыптарга инсулин жеткирип беришет.

Кант диабети менен ооруган бейтаптар телефон аркылуу кеңеш алып, инсулинге буйрутма берип, туугандары, тааныштары, кошуналары жана ыктыярчылар аркылуу алдырса болот.

Инсулин алуу үчүн телефон: 62-18-14; 66 44 03 9.00дөн 14.00гө чейин.

Кеңеш берүү телефону: 0 706 91 08 26; 0 553 91 08 26.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты