Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал киргизилди
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.
Жарлыкта белгиленгендей, 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы, анын ичинде Ош облусунда 4 факт тастыкталды.
Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 25-марттан саат 08.00дөн баштап 15-апрелге саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министрлигинин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында комендатура түзүлөт.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.
24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.