Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: Пандемия тездик менен жайылууда

  • 4 года мурун

Дүйнө жүзүндө пандемия өтө тездик менен тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргендей, биринчи учур катталгандан 67 күн өткөндө вирус 100 миң кишиге жуккан.

– Анан 11 күндө 100 миңден 200 миңге чейин жукту, ал эми кийинки төрт күндө илдетке кабылгандардын саны 300ден ашты,–деди ал.

Бүгүн, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.

COVID-19 вирусуна каршы 20дан ашуун дары-дармек иштелип жатат. Алардын айрымдарынын натыйжалуулугун апрелде сыноого болот. Көптөгөн себептерден улам вирустук инфекцияга каршы дары табуу оор болууда. Маселен, азыркыга чейин сасык тумоого каршы таасирдүү дары жок экени айтылып келет. Адистердин пикиринде, коронавируска каршы препарат табылган күндө да буга бир нече ай талап кылынат, ал болсо баарына эле жардам бербеши мүмкүн, терс таасирлери болот.

COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө адамдар жеке иммунитетине жана карантин чараларына таянып, вакцинанын иштелип чыгышынан үмүт артуудан башка жол жок деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 16 кишиге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты